Жаңылыктар
Бажы тармагы мамлекеттик казынаны толтурган негизги булактардын бири
Чек ара
Бажы тармагы мамлекеттик казынаны толтурган негизги булактардын бири

“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” программасынын алкагында электрондошуу саясаты ишке ашырылып жаткан тармактардын бири Бажы кызматы. Долбоордун алкагында Бажы өткөрмө пункттарына жалпы 472 видеобайкоо камералары орнотулду. 

Санариптештирүүнүн негизги максаты кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу менен коррупцияны алдын алуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы бардык бажы өткөрмө пункттарын санарип жабдыктар менен камсыздоо, онлайн видео көзөмөл каражаттарынын санын арттыруу аракети көрүлүүдө. 2019-жылдан 2023-жылга чейин өлкөнүн бажы тармагын толук санариптештирүү стратегиясы кабыл алынган. Буга чейинки тармакты автоматташтыруу аракеттери коррупциялык жана бюрократиялык көрүнүштөргө бөгөт койду.