Жаңылыктар
Кайгуул милициясы- жыйынтык жана келечек
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициясы- жыйынтык жана келечек

Жыл ичинде пилоттук долбоор катары кайгуул милиция кызматы кирген аймактарда жарандардын коопсуздугу сакталып, кылмыштуулук кескин азая түшкөн. Борборубуздагы Биринчи Май жана Свердлов райондорунда өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштуулук 15 пайызга кыскарса, жол кырсыктары 10 пайызга төмөндөгөн. 

Кайгуул милиция долбоорун ишке киргизүүдө аялзаты менен жөнөкөй жарандардан да бул кызматка тартуу өзүнүн оң натыйжасын берген. Жарандар 102 номери аркылуу Милиция кызматын чакырууда да кайгуул милициясы ыкчам аракетке өтүп, жарандарга алгачкы жардам берүү тездеди. Бул долбоорду ишке киргизүүгө жалпы 387 миллион сом жумшалат.

Эң башкысы - жарандардын милицияга карата ишенимин кайтаруу. Жаңы түзүлгөн кайгуул милициянын алдына мына ушундай милдет коюлган. Ушундай түзүм келерки жылы Ош шаарында жана андан кийин өлкө боюнча ишке ашырылмакчы.