Жаңылыктар
Президент Жээнбеков менен Сауд Арабиянын королу кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Жээнбеков менен Сауд Арабиянын королу кызматташтыкты талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков бекиткен Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча концепциясында быйылкы жылы экономикалык дипломатияга өзгөчө көңүл бурулду. Тышта иштеп жаткан элчи, консул жана башка өкүлдөрдүн ишмердүүлүгү мамлекеттер ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдап, Кыргызстанга инвестиция тартууга багытталды. 

Президент тышкы саясаттагы негизги басым дал ушул экономикалык дипломатияга жасоо зарылдыгын белгилеп келет. Өткөн аптада Мамлекет башчы Бириккен Араб Эмирлигинде расмий сапары менен болсо, бул жумада Сауд Арабияга барып келди. Перс булуңундагы мамлекеттердин мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылсак. 

Бул жолу да экономикалык кызматташтыкты өөрчүтүүгө басым жасалды. Бул ошол эле инвестиция тартуу, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, ири инвестициялык долборлорду ишке ашыруу, мамлекеттер ортосундагы ишкер чөйрөнүн кызматташтыгын күчөтүү. 

Талдоочулардын пикиринде бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды тереңдетүү зарыл. Маселен Сауд Аравиясынан инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү бар. Падыша Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Президент Сооронбай Жээбековдун жолугушуусунда кыргыз-сауд экономикалык кызматташтык фондун түзүү сунушу айтылды. Ушул эле маселе Сауд Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халид Аль-Худайри менен болгон жолугшууда да сөз болду.