Жаңылыктар
Токтогулга суу топтолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулга суу топтолууда

 Күз-кыш мезгилине чейин Токтогул суу сактагычына сууну былтыркы жылга караганда 1 млрд.куб метрге көбүрөөк топтоо пландалууда. Бул туурасында "Электрстанциялар" ишканасынын директору Таалайбек Толубаев билдирди. 

Маалымдалгандай, былтыр 13 млрд.куб метр суу топтолгон, быйыл аны 14 млрд жеткирүү пландалып жатат, - деди Толубаев. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17-майга карата 10 млрд.куб метрдин айланасын түздү.