Жаңылыктар
Мексиканын Косумель аралында эки чоң кеме кагышты
Дүйнө
Мексиканын Косумель аралында эки чоң кеме кагышты
  • Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон элинен кечирим сурады.
  • "Forbes" журналы 2019-жылы ийгилик жылмайбаган дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесин жарыялады.
  • АКШда жүк ташыган машинаны башкарган аял өспүрүм кызды атайын сүзгөн.
  • Мексиканын Косумель аралында эки чоң кеме кагышты.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон токойдогу өрт учурунда эмгек өргүүгө чыккандыгы үчүн элинен кечирим сурады. Ал эмгек өргүүгө чыгып, жубайы менен Гавайиге эс алууга кеткен.Чет элдик басылмалардын жазганына ылайык, премьер-министр Гавайидеги эс алуусун өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурда каза болгондорду укканда токтоткон. Ал эмгек өргүүгө туура эмес убакытта чыкканын, бул анын катасы экенин айткан."Мен эмгек өргүүдөн кайтып келдим. Австралиядагы кырдаалга Женни экөөбүз аябай тынчсыздандык", - деген ал. Австралиялык басылмалардын маалыматы боюнча, октябрь айында башталган токойдогу өрт 3 миллион гектар аймакты жалмаган. Анын кесепетинен токойдогу жаныбарлар күйүп, 8 адам каза болгон. Учурда өлкөнүн 105 аймагында өрт өчүрүлө электиги айтылууда.

"Forbes" журналы 2019-жылы ийгилик жылмайбаган дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесин жарыялады. Алардын катарында буга чейин дүйнөнүн эң бай адамы атыккан Жефф Безос бар. Чет элдик булактардын маалыматына ылайык, Жефф Безостун лидерликти алдырып жибергенине анын аялы менен ажырашуусу себеп болгон. Маалым болгондой, "Amazon" компаниясынын жетекчиси жыл ичинде 13 миллиард 1 миллион доллар жоготкон. Учурда анын байлыгы 109 миллиард 7 миллион долларды түзөт. Жефф Безос аялы менен ажырашканда ага "Amazon" компаниясынын акциясынын 25 пайызын бөлүп берген. Андан кийин Индиянын экинчи бай адамы Азим Премжи 14 миллиард 1 миллион доллар кирешесинен ажыраган. Анын декабрь айына карата байлыгы 7 миллиард 2 миллион доллар. Ал "Wipro Limited" компаниясынын үлүшүн өзүнүн кайрымдуулук фондуна өткөрүп бергенден кийин кирешесинин суммасы азайган. Индиядагы "Essel Group" медиахолдингдин ээси Субхаш Чандра жыл ичинде 3 миллиард 4 миллион доллар жоготкон. Учурда анын байлыгы 660 миллион долларды түзөт. 2019-жылдын башында бийлик миллиардердин "Essel Group" компаниясы күмөн жаратып жатканын айтып текшерүүгө алган. Мындан тышкары, анын компаниясына тиешелүү акциялардын бири 41 пайызга арзандап кеткен. Июль айында ал "Essel Group" компаниясынын 11 пайызын 600 миллион долларга сатып жиберген. Америкалык ишкер Трэвис Каланик бир жыл аралыгында 3 миллиард 1 миллион долларынан ажыраган. Анын бүгүнкү күнгө карата байлыгы 2 миллиард 8 миллион доллар. Миллиардердин "Uber" компаниясынын акцияларды сатыкка коюу планы ишке ашпай калган. Мындан улам ал акцияларын сатып, салык төлөөгө мажбур болгон.

АКШда жүк ташыган унааны башкарган аял өспүрүм кызды атайын сүздү. Айдоочунун айтымында, өспүрүм кыздын кебетеси мексикалыктарга окшош болгон. Батыш маалымат булактары жазгандай, окуя Айова штатында орун алган. Анда 42 жаштагы Николь Мари Пул Франклин жүк ташыган унааны айдап бара жатып өспүрүмдү сүзүп, жабырлануучуга жардам көрсөтпөй кетип калган. Полиция кызматкерлеринин колуна түшкөн айдоочу латын америкалыктарга карата жек көрүүсүн билдирип, аларды басмырлап, укук коргоочуларды таң калтырган. Ал эми унаанын алдында калган өспүрүмгө медициналык жардам көрсөтүлүп, ал мектепке бара баштаган. "Мага жакындап келе жаткан унаа гана эсимде. Мен баскетбол талаасына бара жаткам. Мени унаа менен сүзүп кетүүгө акысы жок болчу", - деген өспүрүм. Учурда полиция кызматкерлери айдоочунун кылмыш кылууга түрткөн жек көрүүсү эмнеден улам келип чыкканын иликтөөдө.

Carnival Cruise компаниянын эки ири кемеси Мексиканын Косумель аралындагы портто кагыша кетти. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. Күбөлөрдүн бири кырсыктын видеосун Twitter баракчасына жарыялаган. Анда Carnival Legend кемеси Carnival Glory лайнерине жакындап келип, урунганын көрүүгө болот. Анын кесепетинен алдыңкы кабаттардын биринин терезеси менен дубалы талкаланган. Carnival Cruise компаниясы кырсык кемелердин жүрүү жөндөмүнө таасир этпей турганын, учурда келтирилген чыгым эсептелип жатканын кабарлады.Белгилей кетсек, аталган кемелерге 2500-3000ге чейин жүргүнчү батып, экипажы 1000ге чукул кишиден турат. Узуну болжол менен 300 метрге жетип, туурасы 32 метрди түзөт. Бийиктиги 60 метрдин тегереги экени айтылды.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"