Жаңылыктар
ЕАЭБ: мигранттардын шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашуулар жүрдү
Мекендештер
ЕАЭБ: мигранттардын шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашуулар жүрдү

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө биздин мекендештерибиздин жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Санкт-Петербургда президент Сооронбай Жээнбеков катышкан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча талкууда айтылды. 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин 4 жылдык циклинин жыйынтыгы каралды. Маалым болгондой, 4 жылда көп сандагы интеграциялык долбоорлор түзүлүп, мигранттардын эмгек ишмердүүлүгүн жеңилдетүү боюнча маанилүү иштер жасалып, 2025-жылга чейин Евразия кеңешинин ишмердүүлүгүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуунун абалы талкууланды. «Стратегиялык багыттарда санариптештирүү, маркалоо, интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу глобалдык маселелер камтылганын белгилей кетүү маанилүү. 

Мындан тышкары өзгөчө багыт бар, бул – бардык мигранттарды медициналык тейлөө менен камсыздоо боюнча макулдашууларды иштеп чыгуу», - деп баса белгиледи вице-премьер-министри Жеңиш Разаков. ошондой эле ал бул жаатта мисал келтирип - "Эгерде биздин жарандар Россия Федерациясында кандайдыр бир убакыт иштеп, кайра мекенине кайтып келсе, анда жалпы иштеген мезгили үчүн ага социалдык чегерүүлөр эсептелет. Алар кийин пенсияны түзөт. Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор активдүү жүрүп жатканын дагы бир ирет ырастайт. Макулдашуу биздин жарандарга башка өлкөдө иштесе да, пенсия менен камсыз болоруна келечектүү ишеним берет», - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.