Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭК жыйынына катышты
Саясат
Сооронбай Жээнбеков  ЖЕЭК жыйынына катышты

20-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйындын күн тартибинде, өлкөлөрдүн кызматташуусун өркүндөтүү жана Евразия экономикалык кеңешинин интеграциясын тереңдетүү маселелери талкууланды. 

Жогорку Евразия Экономикалык Кеңештин жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өтүп, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн башчылары ЕврАзЭСтин алкагында өлкөлөрдүн интергациясын мындан арыда тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"