Жаңылыктар
"Элдик парламенттин" дагы бир мүчөсү кармалды
Кылмыш
"Элдик парламенттин" дагы бир мүчөсү кармалды

"Элдик парламент" оппозициялык бирикмесинин дагы бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди. Коомдук бирикменин Г.А. аттуу мүчөсү мыйзамдуу талаптарга баш ийбестен күч кызматкерлерине курал колдоно тургандыгын айтып, тергөө иштерине жолтоо болгон. Аталган факты боюнча   Башкы прокуратура тарабынан Г.А. аттуу жаранга карата кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө кол салуу) жана 318-беренеси (тергөө иштерине жолтоо болуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Элдик  парламенттин мүчөсү эсептелген Г.А аттуу жаранга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" боюнча козголгон кылмыш ишинин   негизинде   үйү тинтүүгө алынган. Бирок,  ал мыйзамдуу талаптарга баш ийбестен күч кызматкерлерине курал колдоно тургандыгын айтып, тергөө иштерине жолтоо болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынын  башчысы  Рахат  Сулайманов “Биринчи  радиого”  билдирди.

Буга  чейин   Элдик  парламент   коомдук бирикмесинин   өкүлдөрү 17-майда     митинг өткөрүүнү пландашканын,  буга 20 миңге  чукул жарандар  катыша  тургандыгын убада  кылышкан. Бирок ал максаттарынын ишке  ашпай     калгандыгын аталган бирикменин мүчөсү Расул Умбеталиев тарапташтарынын   күч кызматкерлери тарабынан кармалып, сурак берип жатканы менен байланыштырды. 

 

 Ошондой эле өлкөнүн Ички иштер министрлиги “Элдик парламенттин”   айрым мүчөлөрү 17-майда митингге чыккыла деп жарандарга  акча бергени   аныкталганын билдирди. Саясый бирикменин мүчөлөрү эмгек биржасында турган кишилерди да тартууга аракет кылган. Министрликтин 10-башкармалыгынын өкүлдөрү Жеңиш аянтынын жанынан алты кишини кармап, Бишкек шаардык ИИБге алып келген. Алар Рашид жана Съездбек аттуу жарандар митингге катышканы үчүн 1000 сомдон беребиз деп сөз беришкенин айтышкан. Тергөө иштери учурунда Сокулук районунда жашаган 58 жаштагы жаран ага алыс таанышы митингге чыгуу үчүн киши чогултуп берсе, аны ыраазы кылууга убада бергенин билдирген.  Учурда топтолгон материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгына  берилди.  Ал  арада  талдоочулар өздөрүн “Элдик  парламенттин” өкүлдөрү катары жарыялаган жарандардын  бул  аракетин   катуу  сынга  алышууда. 

Эске салсак, буга чейин бийликти күч менен басып алууга шектелип коомдук  бирикменин  үч мүчөсү кармалган. Сот Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана Төрөбай Колубаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Камакка алынган коомдук бирикменин тарапташтары шаршемби күнү митинг өткөрүүнү пландашкан. Бирок ал ишке ашпай калды.

М. Базлакунова, “Биринчи радио”