Жаңылыктар
Эне мээриминен ажыраган балдар Кыргызстанга жөнөтүлдү
Мекендештер
Эне мээриминен ажыраган балдар Кыргызстанга жөнөтүлдү

Россиядан Кыргызстанга 7 наристе жөнөтүлдү. Балдардын энелери тилекке каршы, төрөп алып эле баш тарткан. Өкүнүчтүүсү жылдан жылга кароосуз калган наристелердин саны өсүүдө.  Үч баланы “Манас” аба майданынан туугандары алып кетти, калгандары Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борборуна жеткирилди. 

Бул ымыркай сентябрь айында туулган. Наристе төрөлүп төрөлбөй жатып, өз энесинин колунан ажал таап кала жаздаган. Энеси Москва шаарындагы коомдук ажаатканалардын биринде көз жарып, баласын унитазга салып, өзү качып жөнөгөн. Ажаткананы тазалаган жумушчу, ымыркайды таап алып, тез жардамды чакырган. Ыкчам келген медиктер баланы сактап калуу аракетин көрүп жаткан кезде, башка тез жардам унаасы көчөдө кансырап бараткан аялды ооруканага алып жөнөгөн. Дарыланып чыккан соң, ал аял укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берилиптир.

Наристе ушул күнгө чейин Москва шаарындагы үй бүлөлүк тарбиялоого көмөк көрсөтүү борборунда багылган. Андан сырткары дагы, бул жерде Кыргызстандык кыз-келиндер баш тарткан 4 наристе бар.

Бул жайда 1 жашар карындашы менен 4 жашар бала да бар экен. Алардын энеси соттун чечимин күтүп, темир тор артында камакта. 24 жаштагы кыргызстандык аял, өз баласын сатууга шектелип  кармалган. Чүрпөсүн миллион рублга баалаган эне тууралуу суук кабар, жыл башында Россиянын маалымат каражаттарында бир нече ирет жаңырган.

Дарыгер балдарды медициналык кароодон өткөрүп, учакта жол жүрүүгө даярдоодо. Бул ирет Кыргызстанга 7 наристе жөнөтүлдү. 3 бала аба майдандан туугандарына берилди. Калган бала Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борбор же наристелер үйүнө жайгаштырылат.

Буга чейин жайында дагы 7 бала Россиядан Кыгызстанга жеткирилген. Өкүнүчтүүсү ата-энесинен баш тартылган наристелердин саны жыл санап өсүүдө. Борбордон билдиргендей, балдарын таштаган күкүк энелердин сап башында кыргызстандык аялдар турат.

Борбордун кызматкерлери балдар менен көздөрүнө жаш алып, коштошту. Анткени алар наристелер менен бирге  убакыт өткөргөн бир нече айда, жакын болуп калган. Балдар үйүндө бардык жагынан талаптагыдай кам көрүлгөнү менен, ымыркайларга туугандарынын же асырап алган ата энесинин камкордугу маанилүү экенин адистер белгилейт.