Жаңылыктар
Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда өтөт

Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 21-декабрында 78 жашында «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Шамшиев Болотбек Төлөнович катуу оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышты.

Ал кино тармагына “Манасчы” аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган. Буга удаа эле “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан”, “Снайперлер” сыяктуу тасмалары жаралып, алар да авторго бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келип турган. Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да белгилүү болчу. Ал 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, 1998-жылы Туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган. Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда ал кездеги Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 

Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы ал окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон. Кыргызстандын маданияты, чыгармачыл интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли, кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон залкар кинорежиссер Болот Төлөнович Шамшиевдин жаркын элесин түбөлүккө сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев жана башкалар. Маркум Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда эртең мененки саат 10.00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.