Жаңылыктар
Чоң-Алай районундагы катуу шамал турак-үйлөрдүн чатырын учурду
Аймак
Чоң-Алай районундагы катуу шамал турак-үйлөрдүн чатырын учурду

Декабрдын 21нен 22сине караган түнү Чоң-Алай районунда катуу шамал болуп, Кашка-Суу айыл аймагындагы 10дой турак-үйдүн чатырын учурду. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биздин каналга билдирди. 

Ушундай эле катуу шамал Алай районунун Сарыташ аймагында да болду. Жеринде аталган кызматтын жарандык коргонуу комиссиясы тактоо ишин жүргүзүүдө. Ошондой эле, калың жааган кардан улам, Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа жолунда унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаралып, аталган жол бир суткага жабылган. 22-декабрдан тарта унаа жолдо оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.