Жаңылыктар
Сак бол!!! 10 күн ичинде 1000 ден ашык адам жугуштуу дартка кабылды
Ден соолук
Сак бол!!! 10 күн ичинде 1000 ден ашык адам жугуштуу дартка кабылды

Кыргызстанда  курч кармаган респиратордук  жугуштуу  оорулар  көп каттала баштады. Бир сутка ичинде  200дөн ашык  бейтап кайрылып, 60тан ашыгы ооруканага жаткырылды.  Анын ичинде өтө оор абалда келип, кайра жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылгандар да бар.  Булардын көпчүлүгү жаш балдар. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ачылган 6 бөлүмдө  орун жоктугуна байланыштуу, бейтаптар коридорлорго жатууга аргасыз болууда.

Назгул аттуу Бишкектин тургуну  6 айлык баласы менен  медициналык жардамга кайрылды.  Ал  ымыркайдын дене табы жогорулап, сыркоолоп калганынан ибуфен препаратын берген. Аны ичкенден кийин наристенин денесине кызыл тактар түшүп кеткен.

Акыркы күндөрү  республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны өстү. Акыркы 10 күн ичинде  эки жарым миң бейтап кайрылды. Буга  жылуу аба ырайынын сакталышы  таасир тийгизип жаткандыгын аталган оорукананын  кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Асел Мамбетакунова айтат.

Курч кармаган респиратордук оорулар менен  келгендердин көбөйгөндүгүнө байланыштуу  жугуштуу оорулар ооруканасында алты бөлүм  ачылган, алар дагы жетишпей, натыйжада, дарыгерлер   бейтаптарга  коридорлордо жардам көрсөтүүгө туура келүүдө.  Келген бейтаптардын 70 пайызы балдар болсо, 30 пайызын чоңдор түзүп жатат. Алардын арасында  оор абалда келгендер да бар.

-Мезгилдүү оору. Бирок оорукана жалгыз гана  болгондуктан  күнүгө 300гө чейин адам  кайрылып жатат. ОРВИ менен 6 бөлүмдө 40-50гө чейинки адамдар жатышат. Өткөн  жылга салыштырмалуу  ОРВИ менен 10358  адам кайрылган, азыр 10 күн ичинде эле 1000ден ашык адам келди, 600адамды  жаткырдык.

Дарыгерлер,  курч кармаган респиратордук  оорулардын жана сасык тумоонун  январь айында басымдуу катталаарын болжолдошот.  Мындай абалда, жарандарды сак болууга  чакырышат. Анткени ,  оору өтүшүп кетсе пневмония,  бронхиалдык астма,  бронхит, бөйрөк оорулары курчуп кетиши ыктымал.

Ал арада Орусиянын шаарларында да сасык тумоонун басымдуу катталып жаткандыгына байланыштуу ,  адистер, оорунун алгачкы белгилери башталганда эле  медициналык жардамга кайрылып, алдын алуу чараларын жүргүзүү  кеңешин берүүдө. 

Кыргызстанда болсо жаңырган жылдын  биринчи аптасында  курч кармаган респиратордук оорулардын 2000ге  чукул учуру катталды.  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик көзөмөл борборунун маалыматында, бул сан өткөн 2015-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 800 учурга көп. Бул жугуштуу оору боюнча абалды туруктуу кармоо максатында саламаттык сактоо министрлиги  сасык тумоого каршы вакцина, ошондой эле тест-система, реактивдерди  сатып алды.