Жаңылыктар
Мурдагы мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун сот иши уланууда
Кылмыш
Мурдагы мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун сот иши уланууда

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. «Калыс-Ордо» калктуу конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча жарыш сөздө мурунку мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев сөз сүйлөдү. Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. 

Тергөөнүн версиясына ылайык, Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деген айыптар коюлган. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.