Жаңылыктар
“Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун 35 чакырымы бүткөрүлөт
Экономика
“Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун 35 чакырымы бүткөрүлөт
medet-ok/35a

Сентябрь айына чейин “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун 35 чакырымы бүткөрүлөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  16-майда  транспорт жана коммуникация  министри  Замирбек  Айдаровду  кабыл алып,  өлкөдөгү жолдорду оңдоо, куруу долбоорлору тууралуу сөз болуп, өзгөчө көңүлдү  “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун курулушуна бурду. Өкмөт башчы  өз сөзүндө  аталган жолду куруу иштери  каржы булагы аныкталбастан чечилип калгандыгына токтолуп, учурда коомчулуктун  көңүлүн бурган жагдай, бул долбоордун маселеси кандай чечилерине бурулууда. Каржы булагы жок деп жол куруу  ишин токтотуп койсок болот эле, бирок жоопкерчиликти моюнга алгандан кийин  бүтүрүшүбүз керек,- деди. Адистер бюджеттеги  ашыкча  чыгашаны азайтуу менен  күзгө  чейин  Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун  мөөнөтүндө  бүтүрүүгө болорун белгилешүүдө.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду  жолунун  жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Куруу иштери  тезинен бүтүрүүгө  керек болгон 35 чакырым, тактап айтканда,  Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы ипподромго чейинки жол. Жолдун курулушуна жалпы 2,6 миллиард сом каралса, 100 миллион сому бүгүнкү күндө бөлүнгөн.  Дагы  500 миллион сом бөлүү 16-майда парламенттин тийиштүү комитети жактырган. Транспорт жана коммуникация  министрлигинин  жол чарба департаментинин директорунун  орун басары  Нурлан Кайынбаев, учурда бул каражат  ижарага  акы  менен жумушчулардын эмгек  маянасы боюнча   карыздарды төлөп берүү  жагы каралууда.  100 миллион сом подрядчикке  берилди. Өкмөт башчынын  койгон талабына  ылайык  жолдун 35 чакырымы  өз мөөнөтүндө  бүткөрүлөт деди. 

Республикалык бюджеттеги айрым  чыгашаларды кыскартуу  менен  жолду  өз мөөнөтүндө   бүткөрүүгө болот. Экономика илимдеринин  кандидаты  Анарбек Абдыжапаровдун айтуусунда, алдыда өлкөдө  эл аралык маанидеги  иш чара  өтөөрү күтүлүүдө. Мындай учурда    өкмөт башчынын   тапшырмасы аткарылышы  керек.   

Жол  курууда  эң негизги эске алчу жагдай  анын сапаты. Кыргызстандын  жол курган  компания  менен  бул багытта азыртадан өз ара көз карашын  тактап алышы   учур талабы. Сапатсыз курулган жол  эл аралык  стандарттарга туура келбей калса, пайдаланууга берилгенден  кийин   кытайлык компания менен  соттошууга кеч болуп каларын  транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы  коомдук  кеңештин  төрагасы  Талант  Садакбаев эскертти.

Белгилей  кетсек, Тамчы - Бостери автожолун куруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө протокол 2015-жылы 25-сентябрда кабыл алынган.  Протоколдун  негизинде  транспорт жана коммуникация  министри  Аргынбек  Малабаевдин тапшырмасы менен Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун куруу долбоору даярдалган. Документ 2015-жылы 6-октябрда өкмөттүн кароосуна чыгарылып, 13-октябрда  кабыл алынган.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”