21-декабрдын түнүндө өлкө боюнча жааган кар бир топ түйшүк жаратты. Стратегиялык унаа жолдордо жол тыгыныдарын жоюу боюнча тиешелүү мекеменин кызматкерлери иш алып барса, шаарлардагы муниципалдык ишканалар көчөлөрдү кар менен муздан тазалоодо.
Кыш ызгаары алдыдагы эки күндө да өз күчүндө болоорун аба ырайын маалымдоочу борбор кабарлап, шашылыш билдирүү таратты.