Жаңылыктар
Болот Шамшиевдин эмгеги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Болот Шамшиевдин эмгеги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева — белгилүү дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты болгон. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1959-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтуна тапшырган. Ал студент кезинде окуп жүргөндө эле кинорежиссер Н. Шепитькону "Аптап" киносунда башкы ролду аткарып, Чынгыз Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде кино тартып, кинодо өз чыйырын баштаган. 1964-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп жатып, өзүнүн дипломдук ишин даярдап, "Манасчы" илимий-популярдуу тасманы ийгиликтүү чыгарат. Анда улуу "манасчы" Саякбай Каралаевдин манас айтуудагы өзгөчөлүктөрү алкоого арзып, 1965-жылы Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени алган. 

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон Кыргыз ССРнын Ленин комсомол сыйлыгы, Кыргыз ССРнын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, СССРдин эл артисти, III жана II даражадагы "Манас" Ордендери менен сыйланган. Кыргызстандын маданияты, чыгармачыл интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли, кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон залкар кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесин түбөлүккө сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Г. У. Калиева.