Жаңылыктар
Бишкекте дагы бир спорт комплекстин курулушу башталды
Спорт
Бишкекте дагы бир спорт комплекстин курулушу башталды

Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда дене - тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу башталды. Спорттук объектке белгилүү грек-рим балбаны Раатбек Санатбаевдин ысмы ыйгарылды. Аянты эки миң чарчы метрди түзгөн имаратта үч спорттук зал курулат. Курулуштун наркы 50 миллион сом. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн. Куруу иштери келерки жылдын аягына чейин бүтөөрү маалымдалды.