Жаңылыктар
Ысык-Көл районундагы Темир айылында кичи футбол аянтчасы ачылды
Спорт
Ысык-Көл районундагы Темир айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана республикалык бюджеттин эсебинен курулган спорттук жайга жалпысынан 2 миллион 656 миң сом сарпталды. Салтанаттуу аземди утурлап атайын мелдеш уюштурулуп, жеңүүчү командаларга белектер ыйгарылды. Элет тургундары облустагы эң ири айылдардын биринде заманбап футбол аянтчасы жок экенин айтып келишкен. Жаңы ачылган спорттук жайга Темир айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, маркум Эмилбек Мамбетовдун ысымы ыйгарылды.

“Жаштар ушундай заманбап футбол аянтчасына муктаж болуп келгенбиз. Ошол көптөн берки тилегибиз орундалып, мына бүгүн футбол аянтчасына да ээ болдук. Биздин жаңы өсүп келе жаткан командабыз бар. Алар эми тынбай ушул жерде машыгып турушат",- деп билдирди Темир айылынын тургуну Кылычбек Малабеков.

“Бул биз үчүн өзгөчө жай болот. Жаштарыбыз бош убактысын ушул жерде өткөрүшсө деп тилек кылабыз. Интернет, телефонго алаксыбай спорт менен алектенсе келечек үчүн пайдалуу да",- дейт Темир айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Байгазаков.