Жаңылыктар
Ысык-Көл мамлекеттик университети эл аралык уюмдардын колдоосуна ээ болду
Билим
Ысык-Көл мамлекеттик университети эл аралык уюмдардын колдоосуна ээ болду

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети эл аралык уюмдардын колдоосуна ээ болду. Аталган университетке Erasmus + уюму жаңы, заманбап компьютердик классты жабдып берип, акылдуу доскаларды камсыздап берди. Бул класс эми жашыл лабаратория деп аталып, студенттерге, окутуучуларга жашыл экономика боюнча маалыматтарды берет. Буга чейин жашыл экономика технологияларын киргизүү жолдору талкууланып анын жыйынтыгында Erasmus + уюмунун колдоосуна Кыргызстандагы үч жогорку окуу жайы татыктуу болгон. Буга чейинки изилдөөлөргө ылайык Кыргызстан калкынын көпчүлүк бөлүгү жашыл экономика боюнча маалыматы аз экени айтылган. 

Белгилей кетсек, жашыл экономика айлана-чөйрөгө зыян алып келбеген экономика дегенди билгизет. Азыр жашыл экономика абдан маанилүү болуп калды. Айлана чөйрөнүн абалы начарлап атат, ошондуктан дүйнөнүн бардык жеринде жашыл экономиканы киргизип жатышат. Кыргызстанда дагы ушул маселени жарандык коом, бизнес коомчулук көтөрүп баштаган.

"Жаңы модельдеги техникалар менен биздин студенттер, окутуучулар колдонуп баштайт. Бара бара акылдуу доскаларга алмаштырып баштайбыз. Бул долбоор санариптештирүү жылына дал келип атат. Бул долбоорго биз үч ВУЗ концепцияя жазып чыкканбыз. Аны биз башка жогорку окуу жайларга да таратып бердик. Биз бул долбоор менен иштегенге даярбыз, үйрөтө алабыз",- деди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев. 
"Биздин максатыбыз жашыл экономика боюнча түшүнүктөрдү жалпы элге жайылтуу. Себеби, бул долбоорго жаңыдан катышып баштаганда биз көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында көпчүлүк эл жашыл экономика боюнча маалыматтары аз болуп чыкты. Бул боюнча биздин лабораторияда көптөгөн жумуштар аткарылат. Биз бала бакчалар, мектептер менен да иштейбиз",- деди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Индира Иманакунова.