Жаңылыктар
Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык
Чек ара
Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык

Саламаттык сактоо министрлиги 18-декабрь күнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди. Министрликтен белгилешкендей, 23-декабрга карата Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүндө 3 адам дарыланууда. Алардын абалы – канааттандырарлык.

Жабыркагандардын бири аскер кызматкери Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна которулуп, 23-декабрь күнү операция жасалды. Анын абалы –салыштырмалуу канааттандырарлык. Жабыркагандардын экөөсү амбулатордук дарылануу үчүн ооруканадан чыгарылган. Эскерте кетсек, 18-декабрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, Баткен облустук бириктирилген ооруканасына 6 киши (4 аскер кызматкери жана 2 жаран) жеткирилген. Алардын экөө (1 аскер кызматкери жана 1 жаран) октон жарадар болсо, төртөө ар кандай жаракат алган.