Жаңылыктар
Болот Шамшиевдин дүйнөдөн өтүшү – дүйнөлүк маданият үчүн чоң жоготуу
Мекендештер
Болот Шамшиевдин дүйнөдөн өтүшү – дүйнөлүк маданият үчүн чоң жоготуу

Кыргызстандын жана СССРдин Эл артисти, атактуу кинорежиссёр, сценарист Болот Шамшиевдин дүйнөдөн өткөнүн уккан күйөрмандары, дүйнөнүн төрт тарабынан кыргыздын чыгаан уулунун кайталангыс талантын урматтап, коштошуу сөздөрүн жазып, жакындарынын кайгысын тең бөлүшүүдө. Анын жарык дүйнө менен кош айтышы – дүйнөлүк маданият үчүн чоң жоготуу болгонун белгилешүүдө. 

Россиялык кино ишмерлер менен С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунун жалпы кызматкерлери кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшөт. Болот Шамшиевдин студенттик күндөрү 1960-жылдары так ушул жерде өткөн. Атагы алыска тараган бүтүрүүчүсү тууралуу, мугалимдер келечектеги режиссер, актерлорго айтып берип, анын кайталангыс иштерин мисал келтирип, үлгү тутат.

Бул окуу жайдан алган билими менен тажрыйбасы, Болот Шамшиевдин киноиндустриясында өзгөчөлөнүп өрүш алуусуна өбөлгө болгон. Ал ошентип, кыйырга таанылган “Кыргыз кереметинин” түптөөчүлөрүнүн бири болуп калды. Режиссердун дипломдук иши болгон улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу “Манасчы” аттуу илимий негиздеги тасмасы, ушул кезге чейин окуу жайдын архивинде сакталуу. Тасма эл арадык кинофестивалда баш байгени жеңип алган.

Ал эми “Ак кеме” үчүн режиссер, бүткүл союздук мамлекеттик сыйлыкка ээ болуп, тасма көрармандардын купулуна толгон. Фильмде ал Чыңгыз Айтматовдун повестинин философиялык терең маанисин чагылдырып бере алган. Бир топ фильмдердин советтик тасмалардын “Алтын фондуна” кирип калышы, кыргыз элинин улуу, эки уулунун эриш аркак иш алып баргандыгынын жемиши болгон.

Эл аралык жана маданий кызматташтык боюнча Россиянын атайын өкүлү Михаил Швыдкой, өзүнүн көнүл айтуу баракчасында ,- Болот Шамшиевдин дүйнөдөн өтүшү, Кыргызстан үчүн эле эмес, Россия үчүн да оорду толгус жоготуу болгонун – баса белгилейт. Никита Михалков дагы, Россиянын кинематографисттер союзунун атынан режиссердун жакындарына жана кыргызстандык кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Болот Шамшиев бир эле кыргыз жана советтик кинонун эмес, дүйнөлүк маданияттын классиги дагы болуп калды. Анын кайталангыс чыгармачыгылыгы улуттук аң сезим, гуманизм жана жогорку көркөмдүүлүгү менен түбөлүк эсте калат.