Жаңылыктар
Жээнбеков Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду. Анда залкар режиссёр керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылгандыгы айтылат. “Болот Шамшиевдин чыгармалары - кыргыз киносунун “кереметин” түзгөн өзгөчө бир доордун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Ал бул дүйнөдөн кетсе да, жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти. Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссёр катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат. Кош Болот Төлөнович! Кыргыз эли сиздин эмгегиңизди эч убакта эсинен чыгарбайт! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!”, - деп жазылган президенттин көңүл айтуу кайрылуусунда.