Жаңылыктар
Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

«Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Маркум менен коштошуу үчүн анын туугандары, жакындары, достору, санаалаштары жана шаар тургундары келишти. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу кайрылуусун Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду. Кайрылууда белгиленгендей, Болот Шамшиевдин чыгармалары - кыргыз киносунун “кереметин” түзгөн өзгөчө бир доордун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Ал бул дүйнөдөн кетсе да, жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти. Эске салсак, белгилүү кинорежиссёр, катуу оорудан кийин 21-декабрда 78 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

"Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы — элибиздин терең урматына татыды. Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссер катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат. Кош Болот Төлөнович! Кыргыз эли сиздин эмгегиңизди эч убакта эсинен чыгарбайт! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!",- деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев.