Жаңылыктар
Жаңы жабдууларды жайылталы
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жабдууларды жайылталы

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы "Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар-2016" көргөзмөсүн өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу мекеменин өкүлдөрү кабарлады. Иш-чара 19-20-май күндөрү Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын имаратында өтөт. 

Негизги максаты - интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарды, Жаңы технология жана жабдууларды коомчулукка кеңири жайылтуу. Ошону менен бирге арабыздагы ойлоп табуучулар менен өз ара пикир алмашуу, тажрыйба бөлүшүү. Көргөзмө биздин ойлоп табуучулардын интеллектуалдык менчик обьектилерин өндүрүшкө киргизүү боюнча жеке ишкерлер, бизнесмендер менен келишим түзүүгө жол ачат.