Жаңылыктар
Мексиканын Халапа шаарынын мэрин белгисиз жарандар атып кетишти
Дүйнө
Мексиканын Халапа шаарынын мэрин белгисиз жарандар атып кетишти

Сауд арабиялык журналистти өлтүрүүгө айыпталгандар өлүм жазасына тартылды.



Мексиканын Халапа шаарынын мэрин белгисиз жарандар атып кетишти.



Филлипинде катуу бороондун болушу күтүүдө.



Туристтер быйыл кайсы жерге көп барганы аныкталды.


Стамбулдун Башкы консулдугунун аймагындагы кудуктан жиликтенип табылган Сауд арабиялык журналист Жамала Хашоггинин өлүмүнө айыпталып жаткандар өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары Сауд Арабиянын Башкы прокуратурасына таянып жазып чыкты.Сауд Арабиясы Жамала Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталганын билдирди. Ага ылайык, 5 айыпталуучу өлүм жазасына тартылып, дагы 3 айыпталуучуну 24 жыл бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.Жамала Хашогги акыркы жылдары Американын "The Washington Post" басылмасында эмгектенген. Ал Сауд Арабиясынын бийлигин сындап, Араб монархиясындагы саясий жана социалдык абалды өзгөртүү керек экенин айтып келген.2018-жылы 2-октябрь күнү Түркиянын укук коргоо органдары журналист Хашогги Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыккан.
   

Мексиканын Халапа шаарынын мэрин белгисиз жарандар атып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.Маалыматта айтылгандай, Мексиканын Оахака штатына караштуу Халапа шаарынын мэри Артуро Веласкес Жаңы жылдык кечеде жүргөндө белгисиз жарандар имаратка куралчан кирип, ок чыгарышкан. Анын кесепетинен шаар мэри жана шаар администрациясынын дагы бир кызматкери октон каза болгон. Кылмышкерлер изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Полиция кызматынын айтымында, башка жабыркагандар жок. Кылмышкерлерге издөө жарыяланган.


Филлипинде катуу бороондун болушу күтүлүп жатканына байланыштуу авиакаттамдар токтотулуп, коопсуздук иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Блумберг басылмасы Филиппиндин Өзгөчө кырдалдар министрлигине таянып жазды. Аталган мамлекеттин элинин көбү католик болгондуктан кристмас майрамын белгилешет. Майрамда тургундар үй-бүлөсү менен бир жерге топтолуп, өзгөчө өткөрүшөт. Бул майрамды өткөрүүгө да бороондун болушу тоскоолдук жаратууда. Фанфон аталыштагы бороон чапкындын келиши ыктымалдыгы алгач Филиппиндин борбордук бөлүгүндө болору маалымдалган. Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинде 21-жолу табият кырсыгынын келиши. Аталган шамалдын ылдамдыгы саатына 125 чакырымга жетери айтылган


Римдеги Колизей имараты ушул жылы туристтер эң көп келген жер болуп калды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. Италиядагы тарыхый бул жай эки жыл катары менен рейтингдин сап башынан түшпөй келе жатат. Экинчи орунда Париждеги Лувр музейи турса, үчүнчү орунду Ватикандагы музейлер ээлеген.Ал эми төртүнчү орунга Нью-Йорктогу Эркиндик статуясы татып, алдыңкы бештикти Париждеги Эйфель мунарасы толуктайт.Андан сырткары, туристтер көп барган жерлердин катарына Барселонадагы Ыйык Саграда-Фамилия чиркөөсү, АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы Француз кварталы, Амстердамдын борбору Нидерландыдагы Анна Франктын үйү да туристтер көп келчүлөрдүн катарына кирген.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"