Жаңылыктар
Жайыл райондагы мектептер жаңы китеп менен толукталды
Билим
Жайыл райондагы мектептер жаңы китеп менен толукталды

Чүй облусунун Жайыл райондагы мектептер жаңы 5 миң 651 китеп менен толукталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыков билдирди. Маалыматка караганда, мындай пилоттук долбоор аркылуу 39 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары жаңы китеп менен камсыз болушат. 

Кошумчалай кетсек, бул эки жыл ичиндеги китептердин ижарасынан түшкөн каражатка басылып чыккан окуу китептери. Жалпы 1 млн. 4 миң сом чогулган.