Жаңылыктар
Чет элдик компаниянын өкүлү пара менен кармалды
Коррупция
Чет элдик компаниянын өкүлү пара менен кармалды

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 15 миң доллар пара берген чет элдик компаниянын өкүлүн кармады. Мекемеден билдиришкендей, акча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген техникалык долбоорго байланыштуу маселени оң жагына чечип берүү үчүн жер казынасын пайдалануу багытында көзөмөл кылчу адамга берилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эксперттердин баамында, шылуунчулукка “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамындагы айрым нормалар жол берип коюуда. Документке өзгөртүү киргизилмейин айрыкча лицензия алуу жана текшерүү иштеринде жеке кызыкчылыктарды көздөгөн учурлар токтобойт. Мындан сырткары, тармактагы баш аламан саясат Президент Сооронбай Жээнбековдун буга чейин Коопсуздук кеңешинде берген тапшырмасын аткарбай жаткандыгын далилдеп турат. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"