Жаңылыктар
Кыргыз курамасы Олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну мерчемдеди
Спорт
Кыргыз курамасы Олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну мерчемдеди

Кыргызстан 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу жыл жыйынтыгын чыгарган мыкты спортчуларга сыйлык тапшыруу иш-чарасында белгилүү болду. 

Кыргыз спортчуларында жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча лицензия алуу каралууда. Азырынча олипиада оюндарына карата жолдомо спортчулар Айсулуу ТыныбековаДенис Петрашов, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Атабек Азизбековдо бар.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"