Жаңылыктар
Бишкекте спорттун түрлөрү боюнча спартакиада ачылды
Спорт
Бишкекте спорттун түрлөрү боюнча спартакиада ачылды

 Олимпиадалык оюндардын катарына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча спартакиада Бишкекте ачылды. Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. 

Өлкө аймактарынан келген спортчулар спорттун тогуз түрү боюнча күч сынашат. Спартакиада Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Олимпиада түрүнө кирбеген спорт дирекциясы тарабынан уюштурулган. Алты күнгө созулган мелдеш 22-майда жабылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Спартакиаданы мындан ары төрт жылда бир өткөрүп туруу пландалууда, - дейт уюштуруучулар.

“Спартакиадага спорттун тогуз түрү киргизилген. Анда кикбокс, таяк тартышуу, күжүрмөн самбо, гиря көтөрүү боюнча спартакиада башталды”, - дейт Спартакиаданын башкы калысы Канатбек Арпачиев