Жаңылыктар
Өзбекстанда «Бийик келечек» кеңешинин төрт мүчөсү уюмдан чыгып кетти
Саясат
Өзбекстанда «Бийик келечек» кеңешинин төрт мүчөсү уюмдан чыгып кетти

«Буюк келажак» («Бийик келечек») эксперттик кеңешинин төрт мүчөсү уюмдан чыгып кетүүнү чечти. Алар – кеңештин төрагасы Алишер Калонов, уюмдун координациялык кеңешинин мүчөлөрү Сабир Шодиев, Шерзод Юсупов жана Бахром Исмаилов.

Маалыматты Бахром Исмаилов тастыктады. Алар бул чечимдеринин себебин ачык айтышкан жок.

Быйыл сентябрда да кеңештин он мүчөсү уюмдан чыгып кеткен. Алар бул кадамын өздөрүнө карата сый мамиле көрсөтүлбөй жатканы менен түшүндүрүшкөн.

«Бийик келечек» өкмөттүк эмес уюмунун негизги максаттарынын бири – президент Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтүү.

Максатты ишке ашыруу үчүн кеңешке 2035-жылга чейинки Өзбекстандын узак мөөнөтүү өнүгүү моделин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

«Бийик келечектин» башкы демөөрчүлөрүнүн бири – өзбек тектүү казакстандык олигарх Фаттах Шодиев.