Жаңылыктар
Евразия биримдигинин кубогу үчүн кичи-футбол боюнча турнир өттү
Мекендештер
Евразия биримдигинин кубогу үчүн кичи-футбол боюнча турнир өттү

Москва шаарында кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү. Эки күн ичинде, 40тан ашык команда Евразия биримдигинин кубогу жана 100 миң рубль баш байге үчүн ат салышты.

Москва шаарындагы “Олимп” стадионунда Евразия биримдигинин кубогу үчүн кичи-футбол боюнча турнир өттү. Оюн Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 91 жылдыгына арналган. Спорттук иш чараны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен “Талас” коомдук уюму уюштурган. Жакшы каалоо тилектерди угуп, боорсоктон ооз тийген футболчулар оюн таласына шамдагай чыгып, кызуу оюн башталды.

Кыргызстандык жана россиялык оюнчулардан сырткары, Казакстан, Армения менен Тажикстандын курама топтору да оюн талаасында беттешти. Армян улутундагы Россиянын жараны Сурен Окопов досу Арутюн экөө баткен курамасында ойноду. Алар кыргызстандык кесиптешин чогуу ойноп, колдоону чечкен. Ири оюн талаасы төрт тилкеге бөлүнүп, ар биринде кызуу оюн жүрүп жатты.