Жаңылыктар
Бюджеттик кодекси 10 өзөктүү бөлүмдөн турат
Саясат
Бюджеттик кодекси 10 өзөктүү бөлүмдөн турат

16-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Кыргызстандын Бюджеттик кодекси 10 өзөктүү бөлүмдөн турат. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди. 2012-жылдан бери Жогорку Кеңеште талкууланып, бирок кабыл алынбай келаткан бюджеттик кодексти үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде, эл өкүлдөрү бир нече талашып-тартышуулардан соң кабыл алган. 

Бул бюджеттик кодекс казына системанын принциптерин бекитип, алардын мазмунун ачыктайт. Мурда бюджеттик мыйзамдарда каралбаган принциптерди бул системага киргизилип, 9 принципке негизделген. Алар бюджеттик системасы биримдик, толуктук, натыйжалуулук, приоритеттүүлүк, ырааттуулук, бюджеттердин өз алдынчалуулугу, бюджеттин жоопкерчилиги, ачык-айкындыгы, теңдемдүүлүгү сыяктуу”-деп кошумчалады министр Касымалиев.

Долбоордун концепциясын иштеп чыгууда Орусия, Казакстан, Грузия, Польша, Албания сыяктуу өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбасы изилденген. Ал эми журналистер министрге суроо узатып, өзгөчө кырдаалдар учурунда тез арада жардам кайсыл булактан берирээрине кызыгышты.

Бюджет кодексин иштеп чыгуунун максаты бюджет процессин ыңгайлаштыруу жана өлкөнүн бюджет процессин дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу, прогрессивдүү жаңычылдыктарга үйүр алдыруу үчүн бюджеттик мыйзамдарды жакшыртуу зарылчылыгы менен да шартталган.

С. Идирисов, "Биринчи радио"