Жаңылыктар
Жоомарт Сапарбаев мандатын тапшырды
Саясат
Жоомарт Сапарбаев мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Сапарбаев биздин каналга маалымдап, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдогонун билдирди.

Сапарбаевдин айтымында, анын мындай чечим кабыл алышында эч кандай саясат жок жана ал мындан ары жеке иштери менен алек боло турганын ырастады. Маалыматтар боюнча Жоомарт Сапарбаевдин ордуна партиянын тизмеси боюнча Абдимуктар Маматов келет. Кошумчалай кетсек, парламенттин алтынчы чакырылышында “Ата Мекен” фракциясы 11 мандатка ээ.