Жаңылыктар
Жаштар - өлкө келечеги
Билим
Жаштар - өлкө келечеги

Кыргызстанда “Жаш Булак” билим берүүчү форум-лагери уюштурулмай болду. Бул тууралуу жаштардын өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү билдирди. 

4-июлдан 9-июлга чейин боло турган иш чара жаштарга билим берүү - “Жаш Булак” форум-лагери, Жаштар жумалыгы, Jashtar Camp - 2016 формалдуу эмес конференциясы. Бул - жаштар өз идеалары, ой-пикирлери менен бөлүшө турган, өз тарапташтарынын тобун табууга шарт түзө турган жана өлкөнүн жашоосун реалдуу өзгөртүүгө жөндөмдүү кызыктуу адамдар менен тааныша турган формалдуу эмес аянча. 

Негизги максаты - Кыргызстандагы жаштардын ролун өзгөртүү, алардын потенциялын өстүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталат.