Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында экспортко багытталган ишканаларды жана дыйкандарды колдоого артыкчылык берилүүдө. Акыркы эки жылда өлкөнүн каржы институттары каражаттын басымдуу бөлүгүн аймактарга буруп, 2019-жылы аймактарга берилген насыянын көлөмү 72 пайызга өскөн. Мында негизги максат элетте жашаган калктын жашоо шартын жакшыртып, жумушчу орундарды түзүү аркылуу миграциялык агымды токтотуу. Теманы кабарчыбыз Самат Асипов улантат.