Жаңылыктар
Москва шаарында кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү
Спорт
Москва шаарында кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү

Москва шаарында кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү. Эки күн ичинде, 40тан ашык команда Евразия биримдигинин кубогу жана 100 миң рубль баш байге үчүн ат салышты. 

Москва шаарындагы “Олимп” стадионунда Евразия биримдигинин кубогу үчүн кичи-футбол боюнча турнир өттү. Оюн Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 91 жылдыгына арналган. Спорттук иш чараны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен “Талас” коомдук уюму уюштурган.