Жаңылыктар
Жол кырсыгынан кеминде 23 адам жабыркады
Кырсык
Жол кырсыгынан кеминде 23 адам жабыркады

АКШда банктардын бирин жергиликтүү тургун тоноп, акчаны Рождество майрамынын урматына көчөгө чачкан.

Дональд Трамп "Үйдө жалгыз — 2" тасмасына тартылып калганына сыймыктана турганын айтты.

Автсралияда болуп жаткан ири өрт кырсыгын басаңдатуу үчүн жамгыр жаады.

Түркиядагы жол кырсыгында 23 адам жабыркады.


АКШнын Колорадо штатына караштуу Колорадо-Спрингс шаарындагы банктардын бирин жергиликтүү тургун тоноп, акчаны Рождество майрамынын урматына көчөгө чачкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.Маалыматка ылайык, окуя 23-декабрь күнү болгон. Анда 65 жаштагы Дэвид Оливер банкты тоногондон кийин, шаар тургундарын Рождество майрамы менен куттуктап, акчаны көчөгө чачкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал акчаны элге жакшылык, бакыт каалап чачкан соң, полиция кызматкерлерин күтүп турган. Ал эми күбөлөр жолго чачылган акчаны чогултуп, банкка кайтарып беришкен. Тонолгон акчанын суммасы так айтылган эмес.


АКШ президенти Дональд Трамп "Үйдө жалгыз — 2" тасмасына тартылып калганына сыймыктана турганын айтты. Трамп тасмага тартылганы боюнча Флоридадагы резиденциясында аскер кызматкерлери менен видео аркылуу байланышып жатып айткан. Баарлашууну жергиликтүү телеканалдардын бири көрсөткөн."Тасмага тартылганым боюнча жыл сайын Рождество учурунда баары сурайт. Айрыкча жаш балдар "сизди кинодон жаңы эле көрдүм" деп айтышат. Мен телевизорго мындай көп чыкканымды байкашпайт, ал эми тасмадан дароо маани беришет. Бул фильмге тартылып калганыма сыймыктанам", — деди Трамп.1992-жылы тартылган фильмде Трамп өзүн-өзү ойногон. Кичинекей эпизодунда ал башкы каарман, жоголуп кеткен Кевинге жардам берет. Тактап айтканда, ага мейманкананын кире беришине кантип киришти түшүндүрүп берет. Эпизод 10 секундга созулган.


Австралияда болуп жаткан ири өрт кырсыгын басаңдатуу үчүн жамгыр жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Жаандын жаашына өзгөчө Брисбен аймагынын жашоочулары кубанган. Кокусунан жааган жамгырды жашоочулар рождесво майрамынын керемети деп аташты. Эске салса, Австралиянын түштүк баштышында эки айдан бери өрт каптап жатат. Өрттүн жайылышына кургакчылык жана ысык аба-ырайы себеп болгон. Тилсиз жоонун кесепетинен 8 киши каза болуп, 3млнго жакын гектар токой аянты кыйраган. Ошондой эле 1,5 ашуун турак үй өрттөнгөн


Түркиянын Кайсери шаарындагы жол кырсыгында кеминде 23 адам жабыркады. Бул тууралуу Түркиянын гезиттеринин бири жазды.Маалыматка ылайык, кырсык 25-декабрга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00дө Кайсери шаарында болгон. Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Ван шаарынан Кайсери шаарына бара жатканда жолдун тайгактыгынан улам айдоочу машинаны башкара албай калган. Жыйынтыгында автобус оодарылып кеткен.Жабыр тарткандар жакынкы ооруканага жеткирилген.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"