Жаңылыктар
Жемкорлукту жоюуда жарандардын колдоосу керек
Коррупция
Жемкорлукту жоюуда жарандардын колдоосу керек

Жемкорлук менен күрөшүүнү кыргызстандыктар жалпылап колго алышы зарыл. Жалгыз көтөргөн жүк натыйжа бербейт жана кыйын болуп жаткандыгын Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда өткөн басма сөз жыйында билдирди. Мамлекет башчы билдиргендей, президенттик кызматка киришкенден эки жыл аралыгында негизги көңүл мамлекеттин менчигине кол салгандарга каршы күрөшүүгө бурулду.

Бул жылдар аралыгында айрым фактылар аныкталып жатат, бирок толук кандуу иштин жүрүшүнө өлкө келечегине кайдыгер карабаган бардык жарандар жана мамлекеттик органдар четте карап турбашы керек. Экспреттер учурда бул айтылгандарды колдоп жана канткенде жемкорлукту азайтууга болот, кайсыл тармак натыйжалуу иштей албай жатат, сунуш-пикирлерин билдирүүдө. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"