Соңку 2 жылдын ичинде ЕАЭБке мүчө мамлекеттерге айыл чарба продукциясын экспорттоочу ишканалардын саны 5 эсеге өстү. Бул туурасында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында билдирди. Ага жеңилдетилген финансылык ресурстардын аймака бурулушу жана региондо жаңыдан ачылган ишканалардын салыктын 4 түрүнөн бошотулушу өбөлгө болгон.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 5 пайызга чукул жогорулаган.
Ошондой эле быйыл Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы ЕврАзЭС өлкөлөрү тарабынан эквиваленттүү деп таанылган.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"