Чүй облусундагы Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагындагы №2-орто мектеп-гимназиясына 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулат. Жаңы мектеп курулушуна бирдиктүү депозит эсебинен 91 миллион сом которулду.
Тендерден уткан курулуш компания 2020-жылдагы жаңы окуу жылына чейин имаратты толугу менен бүткөрүп, пайдаланууга бере тургандыктарын капсула салуу аземинде билдиришти.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"