Жаңылыктар
Ипотекалык кредит аркылуу үй алгандар арбын
Экономика
Ипотекалык кредит аркылуу үй алгандар арбын

"Арзан турак - жай" программасынын алкагында 2019-жылдын 1-ноябрына карата 4400дөн ашык ипотекалык кредит берилип, анын суммасы 5 млрд 200 млн сомдон ашты. Натыйжада 16 миңден ашык жаран турак жай менен камсыз болгонун президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди. 

Эки жылдын ичинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн мамлекеттик ипотеканын пайыздык ченемдери 12ден 6 пайызга чейин төмөндөдү. 

Быйыл бул программанын алкагында бюджеттик тармактарда иштеген адамдарга гана эмес, жалпы эле турак жайга муктаж жарандарга да ипотека бериле баштады. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"