Жаңылыктар
Эл аралык институттар Рогун ГЭСинин курулушун каржылоого кызыгууда
Экономика
Эл аралык институттар Рогун ГЭСинин курулушун каржылоого кызыгууда

Эл аралык каржы институттары Тажикстанга Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө катышуу боюнча бир катар сунуштарын жөнөтүштү. Бул тууралуу Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода билдирди.

— Бүгүнкү күндө Рогун ГЭСин бардыгы билет, көпчүлүк каржы уюмдары объектини каржылоого катышуу сунуштары менен кайрылышты. Биз Ислам өнүктүрүү банкынын бир катар түзүмдөрү, ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн каржы институттары менен иштешип жатабыз, — деди министр.

Анын айтымында, өлкө насыя бере турган каржы түзүмдөрүнүн пайыздарын салыштырып көрүп, эң ылайыктуусун тандап алат.

Буга чейин тажик бийлиги эл аралык каржы уюмдары Рогун ГЭСинин курулушуна дээрлик кызыкпай жатканын билдирген. Быйыл июль айында Улуттук банктын төрага орун басары Жамолиддин Нуралиев адатта эл аралык каржы институттары долбоорлорду башынан каржылай турганын, көп жылдардан бери курулуп жаткан Рогун ГЭСинин курулушун каржылоого көбү кызыкпаганын айткан.

Учурда Тажикстан Рогун ГЭСин өз каражатына куруп жатат. Өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы бул долбоорго бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сомони (22 миллион долларга жакын) каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Рогун ГЭСинин эки агрегаты өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына кошулуп, электр энергиясын иштеп чыгууда. Белгиленген долбоорго ылайык, ГЭСтеги алты агрегаттын экөөсү убактылуу орнотулган. Алар 2021-жылга чейин иштеп, андан соң башкасына алмаштырылат.

Рогун ГЭСин куруу долбоору совет мезгилинде эле иштелип чыккан, бирок өлкөдөгү жарандык согуштан улам курулушу башталган долбоор токтоп, 2016-жылы гана улантылган.