Жаңылыктар
Пробация органына кызматкерлерди тандап алуунун акыркы бөлүгү өткөрүлүүдө
Саясат
Пробация органына кызматкерлерди тандап алуунун акыркы бөлүгү өткөрүлүүдө

Жарыяланган сынакка катышуу үчүн беш жүздөн ашык жаран арыз берген. Алар 49 кызмат орду үчүн ат салышып жатышат. Талапкерлердин 80 пайызы Мамлекеттик кадр кызматынын сынагынан ийгиликтүү өткөн. 

Пробация мекемеси акыйкат жазаны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн орган. Юстиция министрлигине караштуу департамент жеңил кылмыш жасаган, коомго анча чоң эмес зыян алып келген жарандар менен иштеп, аларга психологиялык жардамдарды берет. Ошондой эле абактан бошой турган мөөнөтү жакындаган адам да Пробация мекемесинде эркиндикте жашоого даярдалат.