Жаңылыктар
Нөшөрлүү жамгырдан түштүк аймактар жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Нөшөрлүү жамгырдан түштүк аймактар жабыркады

Алай районунунда сел агымы көпүрөнү алып кетти жана Ош-Эркештам жолун суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, сел Тогуз-Булак айылындагы Сай участогунда жайгашкан көпүрөнү алып кеткен, ошондой эле, Кен-Жылга айылынын Орон-Жылга участогундагы көпүрөнүн тирөөчтөрү бузулган.

 Мурдаш айылындагы Тоголок-Дөбө участогунда жерде жаракка пайда болуп, жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды. Ал эми Ош- Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 40-120 -чакырымында таш кулады. Жолдун 104-чакырымына да таш түшүү коркунучу жаралды. Гүлчө - Жошолу унаа жолу жарым жартылай жабылып калды. 

Тазалоо иштерине техникалар тартылды. Жеринде жарандык коргоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү иштеп жатат.