Жаңылыктар
Баш калаада президенттик балаты майрамы болуп өттү
Маданият
Баш калаада президенттик балаты майрамы болуп өттү

Борбор калаада республиканын бардык аймактарынан келген балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, келечек ээлерин кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Президенттик балатыга жалпы миңден ашуун бала келген. 

Алар окуунун отличниктери, эл аралык сынак, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.