Жаңылыктар
ММКны кызыктырган суроолорго С.Жээнбеков жооп берди
Саясат
ММКны кызыктырган суроолорго С.Жээнбеков жооп берди

Коомчулукту түйшөлткөн, массалык маалымат каражаттарын кызыктырган маселелер. Президент Сооронбай Жээнбеков аларга жыл жыйынтыгын чыгарган пресс-конференцияда жооп берди. Мамлекет башчысынын айткандары кызуу талкууланып, маалымат жыйынга байкоо салган саясат таануучулар журналисттер менен жолугушуу ачык өткөнүн белгилеп жатышат. 

Жыйында коомчулукту кызыктырган бардык маселелер көтөрүлдү. Бүгүн анда айтылган укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөш, айрыкча бажы тармагынын ачыктыгын камсыз кылуу, сөз эркиндиги маселесине кайрылабыз.