Жаңылыктар
Россияда цирк жаныбарларына “пенсия” чегериле баштайт
Дүйнө
Россияда цирк жаныбарларына “пенсия” чегериле баштайт

Тажикстанда ишкерлерди колдоо үчүн өзүнчө банк түзүлөт.


Россиянын Красноярск өрөөнүндө жергиликтүү жеке ишкер жашоочулары менен бирге айылды 20 миллион рублга сатыкка койгон.


Россияда цирк жаныбарларына “пенсия” чегериле баштайт.


Украинада жумушка келбегени үчүн 80ден ашык депутаттын айлык акысы кесилди.


Өзбекстанда этникалык кыргыз депутат болуп шайланды.


Тажикстанда ишкерлерди колдоо үчүн өзүнчө банк түзүлөт. Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон 26-декабрда парламентте жасаган жылдык кайрылуусу учурунда билдирди. Анын айтымында, ишкерлерди колдоо үчүн банк жыл сайын мамлекеттик бюджеттен акча алат. Негизги максат – өндүрүш жана товарларды чет өлкөлөргө экспорттоо тармагында иштеген чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн колдоо. Эмомали Рахмон тышкы соодада экспорттун көлөмүнүн аздыгын жана банктардын ишин сынады. «Улуттук банктын жана башка акционердик банктардын саясаты өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталышы керек. Банк системасы жөнүндө гана ойлонгонду токтоткула. Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүүнүн кереги жок. Улуттук банктын жана башка акционердик банктардын эң биринчи максаты – ишкерлерге каржылай жардам берүү. Сиздерде башка милдет жок», – деди президент. Тажикстанда акыркы беш жылда банк системасы олуттуу кризисти башынан кечирди. Өлкөдөгү эки ири банк банкротко кептелип, кардарлардын акчаларын кайтара албай жатат.


Россиянын Красноярск өрөөнүндө жергиликтүү жеке ишкер жашоочулары менен бирге айылды 20 миллион рублга сатыкка койгонБул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда. Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү интернет айдыңына жеке ишкер Вадим Федяев жашоочулары менен айылды сатары тууралуу жарыя калтырган. Анда ал «Васильевка айылын сатам. Анда 45 чакты үй, мал-чарбачылык комплекси, нефть базасы, канаттуулар фермасы бар. Айлана жалаң токой. Аңчылыкка, балык уулоого сонун жай. Соодалашсак болот, алмаштырганга болбойт", - деп жазган ал. Айылда интернет жок болгондуктан тургундар окуя тууралуу кийинчерээк, тууган-тааныштары чалып сурап баштаганда гана билишкен. Айылдын сатыкка коюлушуна нааразы болгон жашоочулар жарыяда туура эмес маалыматтар берилгенин айтышкан. "Көпчүлүк жашоочулар үйлөрүн таштап башка жакка көчүп кетишкен. Андыктан 18 жылдан бери айрым үйлөр бош, терезе, полу талкаланган. Айрымдары менчиктелип кеткен",- дейт жашоочулар. Учурда окуя боюнча аймактык иликтөө комитети иш жүргүзүүдө. 


Россияда келерки жылдан тарта цирк жаныбарларын камкордукка алган мыйзам долбоору иштей баштайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат. “Маданий жана көңүл ачуу иштерине пайдаланылган жаныбарлар өмүрүнүн аягына чейин камкордукка алынышы шарт. Жаңы мыйзамдын нормаларына ылайык, шарттары начар жерде кармалган цирк жаныбарларын конфискациялоо чарасы дагы каралган. Мындан тышкары, цирк жаныбарларына алардын энергиясын арттыруучу дары-дармектерди берүүгө тыюу салынды. Эми экология жана жаратылышты коргоо мыйзамы 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет. Анын негизинде цирк жаныбарларына “пенсия” чегериле баштайт”, - деп айтылат маалыматта. Маалым болгондой, мыйзамды экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитети сунуштаган. 


Украинада жумушка келбегендиги үчүн 80ден ашык депутаттын айлык акысы кесилди. Бултууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. Маалыматка караганда, Жогорку Рададагы 81 депутат ишке чыкпагандыгы үчүн ноябрь айындагы айлыгын толук ала албай калган. Негизинен депутаттар 1250 доллар алса, жумушка келбегени үчүн депутаттардан бардыгы 125 миң доллар айып пул катары маянасынан кесилмекчи.Мындай буйрукка Жогорку Раданын башчысы кол койгон. Жогорку Рада жумушка келбеген депутаттардын айлыгын кыркуу мыйзамын 12-сентябрда кабыл алган эле.


Өзбекстандын Олий мажилисине этникалык кыргыз, окумуштуу Нодира Джанибекова депутат болуп шайланды. Бул туурасында Өзбекстандагы "Адолат"социал-демократтар партиясынын сайтында кабарланды. Ал өзүнүн «Фейсбуктагы»  баракчасына талапкер кезиндеги үгүт баракчасын жарыялаган.Маалыматта Нодира Джанибекова 46 жашта экендиги, Ташкент шаарында төрөлүп, Гүлистан мамлекеттик университетин аяктаганы айтылат.

Эмгек жолун методист болуп баштап, кийин тарых жана коом таануу мугалими болуп уланткан. Андан соң өзү аяктаган университетте мамлекеттүүлүк негиздери жана укук боюнча сабак берген. Учурда улук окутуучу. Парламенттик шайлоого "Адолат" социал-демократтар партиясынан катышкан. БШКга талапкер катары Олий Мажилиске — Мыйзам чыгаруу палатасына №74 Янгиер шайлоо округунан катталган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, үйдүн эң улуусу, атасынын кесиби да мугалим. Эске салсак, 2019-жылдын 22-декабрында Өзбекстанда Олий Мажилиске шайлоо өтүп, ага Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана Өзбекстандын экологиялык партиясы катышкан.

 Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"