Жаңылыктар
Америкалык "Майло" роботу Кыргызстанга келди
Билим
Америкалык "Майло" роботу Кыргызстанга келди

Америкада жасалган "Майло" деген робот, Кыргызстанга келди. Ал Бишкектеги инклюзивдик билим берүүчү "Сезимтал" деген мектебинде ишке киришти. Азырынча англис тилинде сүйлөйт, жакын арада кыргызча сүйлөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Кыргызстан анчалык бай мамлекет болбосо да, жаңы технология ар дайым биринчи болуп киргизилип келет. Бул жолу да инклюзивдик билим берүү каражаты болгон "Майло" гуманоид роботу эң биринчи Кыргызстанга келди- дейт, Еврсоюздун башкы адиси, педагогика илимдеринин доктору, аутизм боюнча адис профессор Елена Гионис.

"Майло" Америкада жасалган, акыл-эсинде кемчили бар балага тамга таанытуу же эсеп сан, жүрүм-турум кыймылын, көрсөтүүдөн талбайт. Өз алдынча басат, сүйлөшөт, а түгүл  жакпай калса кадыресе кабак бүркөп же күлүп, керилип-чоюла алган бала кейпиндеги робот. Азырынча англис тилинде сүйлөйт, жакын арада кыргызча сүйлөтүү аракети башлталды.  

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”