Жаңылыктар
ФИФА бөлгөн каражатка Футбол борбору курулбай калабы?
Спорт
ФИФА бөлгөн каражатка Футбол борбору курулбай калабы?

Эл аралык футбол федерациясы Бишкекте футбол борборун курууга 3,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Ал үчүн 10 гектарга чейин жер аянты керек. Мэрия азырынча аны бөлүп бере элек. Эл аралык уюм берген грант ушул жылдын 31-декабрында соңуна чыгат. Эгер жер маселеси чечилбесе, каражат башка мамлекетке берилиши мүмкүн экенин өлкөнүн футбол федерциясы кабарлоодо.

Эл аралык футбол федерациясы башкача айтканда ФИФА Кыргызстандын футбол федерациясына гранттык каражат бөлүп берген. Анын суммасы 3,5 миллион долларды түзгөн. Бул каражатка футбол борборун куруу пландалган. Ал үчүн 10 гектардын тегерегинде жер аянты керектелет. Мэрия тарабынан 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, бөлүнө турган гранттык каражатты ФИФА алып коюшу толук ыктымал дейт Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев.

Нурдин Букуевдин белгилешинче, бул футбол аянтча же стадион эмес бул чоң борбор болот. "Аны куруу мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе" дейт ал. Жаңы футбол борбору эл аралык стандарт менен курулуп, бардык талаптарга жооп берет.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев жаңы, заманбап стадион сөзсүз түрдө керек экенин айтат. "Азыркы футбол аянтынын эскилиги жеткендиктен, эл аралык стандарттарга жооп бербей, көп оюндар болбой калууда"- дейт ал.

Футбол борбору курулбай калса футболчуларды сапаттуу даярдоо жоголот. Ар кыл жаштагы 20дай Улуттук курама командалар бар. Башка өлкөлөр менен атаандаштыкты жарата албай калуу коркунучу жаралат. Учурда команданын базасы жок болгондуктан, башка өлкөлөргө барып, көп каражат короткончо өзүбүздүн базада даярдык көрмөкпүз дейт адистер. 

Белгилей кетсек,  25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып, отурум 26-декабрга жылдырылган болчу. Шаар кеңешинин кезектеги сессиясы кайрадан 27-декабрга  жылып, бул футбол борборун курууга жер маселеси толук чечилери белгилүү болду.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"