Жаңылыктар
КТРК СПОРТтун ютуб баракчасына катталгандардын саны 100 миңге жетти
Спорт
КТРК СПОРТтун ютуб баракчасына катталгандардын саны 100 миңге жетти

КТРК СПОРТ телеканалынын ютуб баракчасына катталгандардын саны 100 миңге жетти. Бүл көрсөткүч бүгүн, 27-декабрда саат 11:15те катталды.

Ютуб баракчабыз 2016-жылдын 27-июлунда ачылган. Бул аралыкта эфирден кеткен спорттук саамалыктар, улуттук оюндар жана түз эфирде бүйүрдү кызыткан маектер ютуб каналыбызга жүктөлүп келди. 

Бардык көрөрмандарыбызга ыраазычылык келтирип, келерки жылы ютуб каналындагы ишибизди мындан да жакшыртууга аракет кылабыз.